Вице-мэр Азиз Алымкуловдун тапшырмасына ылайык, Муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы Нурдин Тынаев «Ак-Кула» ипподромуна талаш жерлерди шаарга кайтаруу маселеси боюнча көчмө жыйын өткөрдү.

Биз  «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаарындагы филиалынын кызматкерлери менен биргеликте жер тилкелеринин чек араларын аныктоо жана имаратты техникалык инвентаризациялоо боюнча иштерди жүргүздүк.

Өлчөөнүн жыйынтыгы боюнча, кыймылсыз мүлк объектине мамлекеттик акт жана техникалык паспорт алынат.

Эскерте кетсек, кайсы бир убакытта жалпы аянты 57,4 га ипподром жаңы идентификациялык коддорду ыйгаруу менен 39 көзкарандысыз кыймылсыз мүлк бирдигине бөлүнгөн.

Мыйзамсыз менчиктештирип алууга байланыштуу, Ленин районунун прокуратурасы жеке менчик укуктары жөнүндө мэриянын токтомдорун жана мамлекеттик актыларды жараксыз деп табуу жөнүндө 33 доо арызын сот органдарына берген.

Узакка созулган соттук териштирүүлөрдөн кийин, биз шаарга 54,9431 га шаардын балансына кайтарып алдык. Калган жер тилкелери боюнча соттук иликтөөлөр жүргүзүлүүдө.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!