Жакында КРнын Маданият, маалымат  жана туризм министрлиги Кычан Жакыпов атындагы сейил багында ишембилик өткөрдү.

Көп жылдан бери биринчи жолу сейил бакта санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүп, чөптөрү чабылды. Чогултулган таштандыны чыгарууга «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жардам беришти.

Эскерте кетсек, бизге шаар тургундарынан аталган сейил бактын айланасы таштандыга толуп, каралбай калгандыгы боюнча кайрылуулар көп келип түшкөн.

Август айынын аягында СЭИ инспекторлору Кыча Жакыпов атындагы сейил бактын айланасы кароосуз калганын аныктап, маданият министрлигине протокол түзүшкөн.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана уюмдар! Сураныч! Көрктөндүрүү эрежелерин сактаңыздар, ар ким өзүнүн үйлөрүнүн жана кеңселеринин айланасын таза кармоого милдеттүү!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!