Шаар ишин улантууда. Октябрь районунун башчысы Азамат Дороев жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө түшкөн каражаттардын аткарылышы боюнча райондук салык инспекциясынын ишин текшерди.

2020-жылдын башынан тарта шаардык бюджетке 873 миллион 341,3 миң сом салыктык төлөмдөр жана жыйымдар такталган планда 985 миллион 162,6 миң сом түшүп, пландын аткарылышы 88,6% ын түздү. Алардын ичинен:

- мамлекеттик салык кызматынын Октябрь району боюнча планда көрсөтүлгөн 721 миллион 193,6 миң сомдун, 621 миллион 274,0 миң сому келип түштү, аткаруу 86,1 %ды түздү;

- контролдоо боюнча ири салык төлөөчүлөрдүн 95,3% ы аткарылды, тагыраак айтканда планда көрсөтүлгөн 263 миллион 969,0 миң сомдун, 251 миллион 590,8 миң сому келип түштү.

Ошондой эле, А. Дороев Салык кызматынын ишкерлерине ыраазычылык билдирди. Алардын ичинен өзгөчө алкышка төмөнкү кызматкерлер татыды:

Октябрь району боюнча МСКнын башкармалыгынын башчысы-Каныбек Ормонов;

Октябрь району боюнча МСКнын башчысынын орун басары - Таалайбек Акбар;

Атайын салык режимдери боюнча бөлүмдүн башчысы- Сагынбек Алтымышев;

Жергиликтүү салыктар жана жыйымдар бөлүмүнүн башчысы - Замир Калмуратов;

Атайын салык режимдери боюнча бөлүмдүн улук инспектору - Анвар Абдрасулов;

Атайын салык режимдери боюнча бөлүмдүн инспектору – Самат Жоробеков, Эрмек Осмонбеков;

Жергиликтүү салыктар жана жыйымдар бөлүмүнүн башкы адиси – Фурхат Махмудов;

Жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси - Нурбек Биймурсаев.

Биз пандемияга карабастан салык жыйымдарын өз убагында төлөгөн ишкерлерге ыраазычылык билдиребиз. Рахмат силерге!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!