Дүйшөмбү. Шаардык мэрияда бардык санитардык талаптарды катуу сактоо менен мэр Азиз Суракматовдун вице-мэрлер, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана шаардык кызматтардын жетекчилери менен салтту пландык жыйыны кайрадан өткөрүлө баштады.

Биз Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жана участкалык шайлоо комиссияларына жардам көрсөтүү боюнча шаардык штабдардын ишин материалдык-техникалык камсыздоо маселелерин талкууладык.

7-сентябрга карата Бишкекте 233 шайлоо участогу ачылды, анын ичинен Ленин районунда 65, Октябрь районунда 51, Свердлов жана Ленин райондорунда 58.

Азыркы учурда уюштуруу жана добуш берүү үчүн коопсуз шарттарды түзүү маселелери чечилүүдө.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн ар бир УШКда пандустар орнотулду.

Мэр А. Суракматов биринчи кезекте шаар тургундарынын саламаттыгы экендигин белгиледи. Шайлоо участкаларынын иштөө алгоритмине ылайык, санитардык эрежелер катуу сактоо, аралык, анисептиктер жана имараттын ичин дезинфекциялоого көңүл буруу керек.

Ар шайлоо участкаларынын иштерин уюштурууда райондук акимиттарга шаардыктардын саламаттыгына өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.

Шаар башчысы коомдук транспортто жана коомдук тамактануу жайларында санитардык нормалар бузулуп жаткандыгы боюнча белгиледи. Санитардык-экологиялык инспекциясына Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы  менен биргеликте санитардык чараларды күчөтүү тапшырды.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!