Бул жыл биздин эсибизде көпкө калат, ал эми жай – 2020 эч убакта унутулбайт… Биздин өлкө, биздин шаар көзгө көрүнбөгөн COVID-19 вирусу менен күрөштү. Бул чыныгы согуш, өмүр үчүн күрөш…

Күн сайын адамдар, сүйүктүүлөрүбүз каза болуп жатты: апалар жана аталар, чоң апа жана чоң аталар, эже жана байкелер, кыздар жана балдар, мугалимдер жана дарыгерлер, пандемия эч кимди аяган жок.

Орду толгус жоготууларга карабастан, биз шаарыбыз, өлкөбүз үчүн күрөшүүнү уланта бердик.

Азыр, эпидемиологиялык абал бир аз турукташып калганда, биз ар бир кыргызстандыкка чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз! Ар бир шаар тургунуна, ыктыярчыга, ишкерге жана уюмга, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ар бир кызматкерине, милиционерлерге, куткаруучуларга жана албетте, адам өмүрүн сактап калууга жанын берген дарыгерлерге ыраазычылык билдиребиз.

Элдин эмгеги жана баатырдыгына ыраазычылык билдирип, Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы белгилүү акын Кыялбек Урманбетов жана композитор Бакыт Алишеров менен биргеликте   «Антивирус» музыкалык композициясынын үстүндө иштешти.

Ырдын сөзү бул  жерде: кырг.docx рус.docx  Ырды Кыргыз жана Москва концерваториясынын жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин таланттуу солист-студенттери: Миран Жанарбаев, Руслан Асанкан уулу, Урмат Токомбаев, Диана Салиева, Александр  Волкодав, Алёна Юрьевна и Тамгагуль Айбек кызы  аткарышты.

Бишкек шаарынын мэриясы COVID-19дан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Сиздер жалгыз эмессиздер, биз сиздер мененбиз…

Азыр ким вирус менен күрөшүп жатса, аларга бекем иммунитет, күч жана чыдамкайлуу болушун  каалайбыз. Дем алыңыздар. Сүйүңүздөр. Жашаңыздар.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр! Вирусту жеңдик деп айтууга азыр эрте. Антисептиктер, бет каптар, аралык жана жоопкерчилик бизге жардам берет.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!