Мэриянын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык мекемеси менен биргеликте шаарды мыйзамсыз курулуштардан тазалоо иштерин улантууда.

Жакында Орозбеков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз орнотулган жарнама баннери алынды.

Түшүндүрүү иштеринен кийин Үсөнбаев жана Москва, Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилиштериндеги эки күркө кожоюндарынын өз ыктыярлары менен алынып салынды.

Ч.Айтматов проспектиси №6 дарегинин кожоюндары дагы тиешелүү уруксат документтери жок орнотулган тосмону өз ыктыяры менен алышты.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Сиздерден жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактооңуздарды өтүнөбүз!

Эгерде сиздер мыйзамсыз орнотулган объектилерди көрсөңүздөр, башкармалыктын  0703633833 номерине билдирип коюңуздар.

Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/

Instagram: @uzs.bishkek

Twitter: @uzsmeriakg

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!