Шаардык кызматтар калааны көрктөндүрүү жана инфраструктураны жакшыртуу иштерин улантууда.  Шаардык кызматтардын кызматкерлери санитардык нормаларды сактоо менен, 2020-жылдын планына ылайык,  калаанын бир нече көчөлөрүндө капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Биздин кызматтар карантинге кетишкен жок, биз үзгүлтүксүз иштедик.

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери пландык капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүп, учурда объектилердин көпчүлүк бөлүгүндө курулуш иштери  жыйынтыкталууда.

Азыркы учурда Пушкин көчөсү Павлов көчөсүнөн Бейшеналиева көчөсүнө чейин, Бобоулов көчөсү Чүй проспектисинен Пушкин көчөсүнө чейин, Үсөнбаев көчөсү  Бөкөнбаев көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин, Ибраимов көчөсү Жибек Жолу проспектисинен Күрөңкеев көчөсүнө чейин жана Ж.Пудовкин көчөсү Токомбаев көчөсүнөн Сухэ Батор көчөсүнө чейинки бөлүктөрүндө  оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

8-сентябрга карата шаардын 10 көчөсүндө: Белорус, Осмонов, Аэропорт, Муса Жалил, Аул, Көкчөтай, Түлөбердиев, Тыныстанов, Ашхабад  жана  Краснодонцев көчөлөрүндө оңдоо иштери жыйынтыкталды.

Урматтуу шаардыктар! Жолдорду, веложолдорду жана тротуарларды оңдоо меселелери боюнча 0555 888 161 номерине кайрылсаңыздар болот. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!