Мэриянын Жер ресурстар башкармалыгы шаардын аймагындагы жер тилкелерин ижарага берүү иштерин аткарат. Азыр биз жер тилкелерин кайтаруу, шаар тургундарына ишти ачык жана жеткиликтүү, ошондой эле коррупцияны жоюу үчүн санарип технологияларды киргизүү иштерин жүргүзүп жатабыз.

Бул жылы 4,9 га жерди жана муниципалдык жер тилкелерин колдонуудагы 100 миллион сом өлчөмүндөгү дебитордук карызды шаарга кайтаруу иштерин пландаганбыз.

Белгилей кетсек, Жер ресурстар башкармалыгы санарип форматка өткөн алгачкы түзүмдүк бөлүмдөрдүн бири. Жер тилкелерине ижара укуктарын берүү боюнча комиссиянын бардык отурумдары ЖРБнын YouTube жана Facebook расмий баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт. Комиссиянын күн тартибин  «Электрондук күн тартип» системасы аныктайт. Башкармалыктын ыкчам иштөөсү үчүн тез кабыл алуучу код системасы (QR-код) иштелип чыккан.

Пандемия учурунда башкармалыктын кызматкерлери үч миңден ашык үй-бүлөгө гуманитардык жардам жеткиришти.

Жер жана транспорт саясаты боюнча вице-мэр Азиз Алымкулов Жер ресурстар башкармалыгынын бир нече кызматкерине ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, сыйлады.

Документтер менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы – Жакыпова Бактыгүл Камиловна;

Жеңилдетилген типтеги объектилер бөлүмүнүн башчысы – Асанов Руслан Карыпбекович;

Юридикалык бөлүмүнүн башчысы – Турдугулов Бакай Болотович;

Муниципалдык жерге ижара төлөмдөрүн каттоо жана анализ бөлүмүнүн жетекчтөөчү адиси – Медетова Нура Аурбековна.

Бишкек шаарынын мэриясы кесиптештерди сыйлыктары менен куттуктайт жана ийгиликтерди каалайт.

Бишкек –сүйүктүү шаарыбыз!