Урматтуу шаар тургундары, бизде жакшы жаңылык! Шаардык соттун чечими менен Ю.Фучик атындагы сейил бакты толугу менен  шаар тургундарына кайтардык.

Эскерте кетсек, 1992-жылы шаардык мамлекеттик администрациянын токтому менен Ю.Фучик атындагы сейил бакта жайгашкан 7,41 га аянттагы жер тилкеси шаардык парктар жана эс алуу жайлары бирикмесине бекитилип, колдонуу укугу үчүн акт берилген.

1995-жылы КРнын Өкмөтүнүн токтому менен Бишкек шаарынын мэриясынын менчигине өткөрүлүп берилген.

Бирок, тилекке каршы, парктагы 13 миң 337 чарчы метр жер -  курулуп бүтпөй калган кинотеатрдын аймагы  жеке менчикке өткөрүлгөн факты аныкталган.

Мэриянын Муниципалдык мүлк башкармалыгы Ленин райондук сотуна заводду жоюучу М.П. жана шаар тургуну С.Э. арасындагы сатып алуу-сатуу келишимин жокко чыгаруу боюнча доо арызын калтыган. Сот биздин арызды толугу менен канааттандырды.

Кийин, 1999-жылы шаар тургуну С.Э. жер тилкесин А.А. тургунуна саткан, ал соттун кароосуна чейин эле жер тилкесин 9 бөлуккө бөлүп, сатып жиберген. Муниципалдык мүлк башкармалыгы сотко  бул келишимдерди жараксыз деп таап, паркты муниципалдык менчикке кайтарып берүү доо арызын калтырган.

Бул доо арыз райондук сот тарабынан канааттандырылды, бирок айпыталуучулар Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз беришкен.

Бактыга жараша, шаардык сот биринчи инстанциядагы чечимди күчүндө калтырды. Эми соттун аныктамасын алгандан кийин, жер тилкелерди Бишкек шаарынын мэриясына каттоо иштери башталат.

Эскерте кетсек, жер тилкелерин муниципалитетке кайтаруу калаа башчысы Азиз Суракматовдун тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүүдө.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!