Шаар өз ишин улантууда. Учурда Элебесов көчөсүндө Фере көчөсүнөн ылдай, түндүк жана түштүк багытты көздөй магистралдык канализациянын курулушу кызуу жүргүүдө.

Курулуш жана архитектура боюнча калаанын вице-мэри Уланбек Азыгалиев шаардык инженердик кызматтар менен биргеликте курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди.

Куруучулар түтүктөрдү орнотуу иштерин жыйынтыктап калды, учурда дагы 165 метр магистралдык түйүндү төшөө жүргүзүлүп жатат. Жумуш татаал шарттарда өткөрүлүүдө, бул аймакта жер астындагы суу өтө жогору. Ушундан улам, канализациялык кудуктарды кошумча бекемдөөгө туура келет, алар үчүн атайын бетон каркас жасалат.

Магистралдык канализациялык түйүндүн жалпы узундугу 1 миң 885 метрди түзөт.

Долбоорду ишке ашыруу менен бул райондогу 10 көчө жана чолок көчөлөрдөгү турак үйлөр борбордук канализацияга туташтырылат. Анын ичинде «Ак-Тилек» жаңы конушунун Жерге Тал көчөсү да кирет. Тургундардын айтуусу боюнча, борбордук канализацияга кошулууну алар 30 жыл күтүшкөн.

Шаар тургундары курулушта вице-мэр Уланбек Азыгалиевди көрүп, аталган райондун инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирдишти.

Эскерте кетсек, Элебесов көчөсүндөгү канализациянын курулушун  MS Building бөдрөтчү компаниясы жүргүзүүдө. Курулуш иштери сентябрь айынын соңуна чейин бүткөрүлөт.

Шаарды бирдиктүү инженердик түйүнгө комплекстүү кошуу иштери калаа башчысы Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен жүргүзүлүүдө.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!