«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы калааны жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин улантууда.

Азыркы учурда биз «Жал» кичи районунун Тыналиев  көчөсүн Масалиев көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин жолдун жээгин жашылдандырып жатабыз.

8-сентябрга карата беш миң чарчы метр жерге көк майсан себилди.

Эскерте кетсек, биз бул жерди алгач шагыл, таштандылардан тазалап, топуракты түшүрүп түздөдүк. Кийин анын үстүнө кара топурак төгүлдү. Аталган жер арыктар менен сугарылат. Эскерте кетсек, бул жерде мурда ирригациялык түйүндөр талкаланып калган, биз жакында эле  арыктарды реконструкцияладык, эми сугат иштери толугу менен жүргүзүлөт.

Калааны жашылдандыруу иштери улантыла берет.

Бишкек-сүйүктүү жашыл шаарыбыз!