Шаардык мэрия шаар тургундары менен дайыма байланышта. Мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын башчыларынын жеке кабыл алуусу башталды. Албетте санитардык нормаларды сактоо менен.

Мэриянын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Болотбек Апилов шаар тургундары менен жолукту. Эскерте кетсек, Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн бири. Бул башкармалык  шаардын жаңы конуштарынын капиталдык курулуштарына жооп берет.

Жолугушууга 65 адам келди. Бул мурдагыга караганда көп. Себеби карантин учурунда кабыл алуулар өткөрүлгөн эмес.

Шаар тургундары конуштарга канализациялык-насосотук станциялардын курулушун долбоорлоо, суу менен камсыздоо үчүн инженердик түйүндөрдү  жана канализацияны орнотуу маселелери менен кайрылышты.

Көбүнчө маселелер жеринде чечилип, татаал маселелер башкармалыктын бөлүмдөрүндөгү жооптуу адистерге көйгөйлөрдү бекитилген тартипте чечүү тапшырылды.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздерде жаңы конуштардын капиталдык курулушуна тиешелүү суроолор болсо, Москва көчөсү, 188 дарегиндеги КМККБна 35-30-11номери аркылуу байланышсаңыздар же болбосо oguks@meria.kg электрондук почтасына кайрылууларды жиберсеңиздер болот.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!