КОВИД-19дун жайылышы жөнүндө биринчи билдирүүдөн тартып райондук акимиаттардын, МАБдардын кызматкерлери шаарды вирустан коргоо үчүн күнү-түнү иштеп жатышты. Алар медиктер менен чет өлкөлөрдөн келген мекендештерди тосуп, аларды обсервацияларга жайгаштырып, стационарларды ачып, күнү-түнү санитардык рейдерди өткөрүп, пенсионерлерге, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, аз камсыздалган үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам таратышты. Мындан тышкары алар шаарды, районду көрктөндүрүүдөгү функционалдык милдеттерин аткарып жатышты.

Биринчи май районунун акими Алибек Биримкулов райондук кызматтардын кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Сыйлангандардын тизмеси бул жерде.

Бишкек шаарынын мэриясы кесиптештерди сыйлыктары менен куттуктайт жана ыраазычылык билдирет.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!