Бүгүн, шаардык мэрияга эң маанилүү конок келди. Калаанын социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева  жана мэриянын аппарат жетекчиси Адилет Малдыбаев Бишкек аттуу баланы кабыл алышты.

Жакында Медет Тюлегенов аттуу шаар тургуну социалдык тармактарга кичинекей, бети кызыл Бишкек аттуу баланын сүрөтүн жүктөп, Каджы-Сайда жашарын белгилеген. Биз баланы таап, аны менен тааныштык.

Сегиз жашар Бишкек Табылдиев Ысык-Көл областынын Тоң районунун Каджы-Сай айылында жашайт. Ал үй-бүлөдө эң кичүүсү, өзүнөн улуу төрт байкеси жана эжеси бар.

Апасы Чынардын айтуусу боюнча, баланын атын чоң атасы Бишкек Баатырдын урматына койгон.

Бишкек бизге экинчи класста окуп жаткандыгын жана билим алуу онлайн режиминде өткөрүлүп жаткандыгын айтып берди. Бишкекке жаңы форматта окуу жеңил болуусу үчүн шаардык мэрия телевизор жана смартфон белек кылды.

Урматтуу Бишкек! Сага ден соолук каалайбыз. Акылдуу жана өлкөбүздүн чыныгы жараны бол!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!