Шаар мэри Азиз Суракматов Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чарльз Гарретт менен жолукту.

Шаар башчысы Элчиге пандемия учурунда кыргызстандыктарга көрсөткөн колдоосу жана шаар жашоосуна жигердүү катышкандыгы үчүн ыраазычлык билдирди. Тараптар Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун шаарлары экология, санариптештирүү, инфраструктуралык долбоорлорго инвестиция маселелери боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө кызыктар экендигин билдирди.

Элчи бул жылы шаардын экологиясына өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын белгилеп өттү.

Белгилей кетсек, шаардык мэрия шаарды «жашыл» көрүнүшүн өнүктүрүү жана жакшыртууга багыт алып, бир жылда алты (!) сейил бак курулуп, вело жолдор, тротуарлар, инклюзивдүү балдар аянтчалары курулууда.

Шаарды тазалыктан арылтуу максатында  мэр жана элчи биргеликте плоггинг өткөрүүнү сүйлөшүштү. Бул экологиялык кыймыл, жай чуркоо менен таштанды чогултуу болуп саналат.

Ошондой эле, Элчи Ч. Гаррет британиялык ЖОЖдор ассоциациясы жана степендиалык программалар тууралуу айтып берди. Калаа башчысы Азиз Суракматов бишкектиктерди бул программаларга катышууга чакырарын  жана колдоорун, ошондой эле шаардык кызматтардын кызматкерлеринин ички потенциялын жогорулатуу маанилүү экендигин белгиледи. (https://www.chevening.org/scholarship/kyrgyzstan/)

Бишкек –сүйүктүү шаарыбыз!