Шаар өз ишин улантууда. Кытай Эл Республикасынын (КЭР) грантынын эсебинен жол тармагын өнүктүрүүнүн биринчи этабын ишке ашыруунун алкагында, ондолгон жолдордогу кемчиликтерди жоюу иштери жүргүзүлүүдө.

Кемчиликтерди жоюу иштери 43 көчөдө каралган. 24 участокто  түзөтүү иштери аяктады, калганында октябрь айынын аягына чейин бүткөрүлөт. Негизинен, бөдрөтчүлөр  жолдун жээк таштарын, ирригациялык түйүндөрүн  жана тротуарлардын плиталарын алмаштырат, жолдун  жаракаларды толтурат, кудуктарды оңдойт жана жолдорго белгилерди түшүрөт. Унаа жолдун сапатына эч кандай маселелер жаралган жок.

Белгилей кетсек, кемчиликтер шаардык инженердик-курулуш кызматтарынын, райондук акимиаттын, МАБ адистери жана бөдрөтчү компаниянын өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык комиссия тарабынан аныкталат.  Ар бир көчөнү кыдырабыз, бузулган жерлерге дефект акты түзүлүп, анын негизинде иштер  жүргүзүлүп жатат.

Жалпысынан ушул долбоордун алкагында жалпы узундугу 93 чакырымдан ашык 48 көчө курулуп, оңдолгон. Ар бир көчө ушул жылдын күзүндө аяктаган эки жылдык кепилдик менен жасалган. Келишимдин шарттарына ылайык, бөдрөтчү компания  учурда  табылган бардык кемчиликтерди өз эсебинен оңдоосу керек.

Баса, Л.Толстой көчөдөгү Ауэзов көчөсүнөн Достоевский  көчөсүнө чейин курулушту күз мезгилинин  ортосунда жыйынтыктоо  пландаштырылган. Учурда   7-апрел көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейинки 1 км узундуктагы бөлуктө жумуш жүрүп жатат. Эскерте кетсек, "Бишкекжылуулуктүйүнү" ААК тарабынан жылуулук трассасынын курулушунан улам, объектини  өз убагында бүткөрө  алган жокпуз.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч, өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!