Шаар ишин улантууда. «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери У.Салиева көчөсүн жашылдандырууга даярдыктарды көрүүдө.

Салиева көчөсүнүн түштүк тарабы, Лермонтов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгү көрктөндүрүлөт. Жалпы узундугу 4 миң 200 чарчы метр жерге көк майсан себилип, бадалдар жана чоң жалбырактуу көчөттөр отургузулат.

Азыркы учурда биз жерди даярдоо иштерин өткөрүп, топуракты төмөндөтүп, таш жана таштандыларын чыгарып жатабыз.

Жакында аталган көчөдө авариялык абалдагы бак дарактарга санитардык бутоо иштерин өткөрдүк.

Ошондой эле, жашыл аймакты сугаруу маселесин иштеп чыгып, бул үчүн 3 миң погондук метр ирригациялык арыктарды жана асбест түтүктөрүн орноттук. Айта кетсек, аталган жерде арыктарды реконструкциялоо такыр жүргүзүлгөн эмес.

Бул сыяктуу жашылдандыруу иштери «Жал» кичи районунда Тыналиев көчөсүндө Масалиев көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин жүргүзүлүүдө. Бул жерге көк майсан себилип, көчөттөрдү отургузуу пландалууда.

Бишкек-сүйүктүү жашыл шаарыбыз!