Райондук акимиаттарда кадрдык өзгөрүүлөр болду.

КРнын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Айтакунов Кубанычбек Маратбекович ротация тартибинде Октябрь районунун башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Вице-мэр Виктория Мозгачева муниципалдык кызматкерди жамаатка тааныштырды.

Тиешелүү буйрукка шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров жана шаар мэри Азиз Суракматов кол койду.

Белгилей кетсек, Октябрь районунун башчысынын мурдагы биринчи орун басары Алтынбек Маматов Ленин районунун акимиатына которулган.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!