Шаардык мэрияда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жана участкалык шайлоо комиссиясына жардам көрсөтүү боюнча шаардык штабдын жыйыны өткөрүлдү.

Жыйында КРнын Жогоку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү жана даярдыктарды көрүүдө материалдык-техникалык камсыздоодо уюштуруу маселелери талкууланды.

Райондук акимиаттардын башчыларына ар бир участкалык шайлоо комиссияларында шаардыктардын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камыздоо, шайлоочуларды коргоо  алгоритми боюнча сунуштарды киргизүү: кире бериште санитардык каражаттар, термометрлер, дезинфекциялоочу килемчелер жана кызматкерлер үчүн жеке коргонуу каражаттар менен камсыздоо тапшырылды.

Мамэкотехинспекциянын Бишкек шаары боюнча региондор аралык башкармалыгына УШКдагы пандустардын орнотулгандыгын текшерүү тапшырмасы берилди.

Шаардык кызматтар «Түндүкэлектр» ААК менен биргеликте сентябрдын аягына чейин шайлоо участкаларынын имараттарын генераторлорго туташтыруулары керек.

Эскерте кетсек, ар бир шайлоочу өзүн  www.tizme.gov.kg дарегинен тизмеден текшерсе болот.

Бишкек-сүйуктүү шаарыбыз!