КРнын Президентинин жарлыгынын негизинде жыл сайын 9-сентябрь комуз күнү белгиленип, бул күндүн урматына комуз күүлөрү жаңырган иш-чаралар өткөрүлчү. Тилекке каршы, бул жылы пандемия өзгөртүүлөрдү киргизип, комуз күнүн онлайн режиминде белгилеп жатабыз.

Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын техникалык бөлүмүнүн адиси Жумамидин Куттубеков шаар тургундарын «Комуз күнү» менен куттуктап, сөзү акын, журналист  Ш. Дүйшеевге, обону К.Таштаналиевага  таандык   «Сакта»  ырын комуздун коштоосунда аткарып берди.

Баарыңыздарды «Комуз күнү» менен куттуктайбыз!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!

Урматтоо менен, Бишкек шаарынын мэриясы