Шаардык мэрия калаадагы тартипти сактоо боюнча иштерди улантууда.

Райондук акимиаттардын кызматкерлери башаламан соода түйүндөрү жана аттракциондор менен күрөшүү боюнча рейддерди өткөрүп келет. Учурда пандемия шарттарында дагы рейддер улантылууда.

Бул жолу Биринчи май райондук администрациясынын кызматкерлери  №13 МАБ жана Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери менен борбордук «Ала-Тоо» аянтын жана Панфилов атындагы сейил бакты жайма базарлардан тазалады.

10дой оюн жайлары алынып, алардын кожоюндарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясы ишкерлерден шаардын аймагында соода жүргүзүү эрежелерин сактооңуздарды өтүнөт. Урматтуу шаардыктар! Жерге коюлуп сатылган азыктардын сапатына жана коопсуздугуна эч ким кепилдик бербе албайт, себеби, ал санитардык көзөмөлдөн өткөрүлгөн эмес.

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!