Урматтуу шаардыктар, ишкерлер, бизнес жамааттар! Дүйнөлүк COVID-19 пандемиясы бардык чөйрөгө таасирин тийгизди, айрыкча чакан жана орто бизнестин субъекттери өтө чоң жоготууларга дуушар болду.

Эртең, 11-сентябрда саат 10:00до борбордук мэриянын  экономика жана инвестициялар департаменти "РСК Банк" компаниясы менен биргеликте борбордук ишкерлерди чакан жана орто бизнести жеңилдетилген насыялоо жолу менен колдоо максатында “Ишкердик субъекттерин каржылоо” мамлекеттик программасынын бет ачаарына чакырат.

Талкууга райондук акимиаттардын кызматкерлери жана "Кепилдик фонду"ААКнын өкүлдөрү катышат.

Урматтуу ишкерлер! Өтүнөбүз! Эгер сиздер бизнес-жолугушууга катышууну кааласаңыздар, катышуучулардын тизмесин: bishekon@gmail.com электрондук почтага жөнөтүңүздөр.

Биз сиздерди күтөбүз! 11-сентябрь, саат 10:00, Биринчи Май акимиатынын жыйындар залы (Жибек-Жолу пр. 348а).

Жолугушуунун программасы бул жерде: -1061453285.pdf

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!