Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте шаарды мыйзамсыз орнотулган жеңилдетилген типтеги  объектилерден тазалоо иштерин улантууда.

Жакында «Тунгуч» кичи районунун №63, 81 үйлөрүнүн жанына мыйзамсыз орнотулган бастырма алынды.

Шаар тургундарынын кайрылуулары боюнча Чехов көчөсү, 39 дарегиндеги темир контейнер башкармалык тарабынан текшерилип, тиешелүү уруксат документтери жок экендиги аныкталган соң, алынып салынды.

Жакында Жеңиш аянтында мыйзамсыз орнотулган батут аныкталган. Биз ишкерге түшүндүрүү иштери жүргүзгөндөн кийин, кожоюну тарабынан  дароо батуттун жели чыгарылып, муниципалдык жер бошотулду.

Кезектеги рейддин жүрүшүндө борбордук «Ала-Тоо» аянтынан  ведосипед ижарага берүү, автомат оюндары жана күч өлчөгүчтөр, жалпысынан 7 түйүн алынды. Эскерте кетсек, жакынкы күндөрү Биринчи май акимиаты тарабынан 10 оюн аянтчалары алынган.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактаңыздар!

 Эгерде мыйзамсыз же белгиленбеген жерге орнотулган объектини көрсөңүздөр 0703633833 (Алина) номерине билдирип коюңуздар.

 Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/

 Instagram: @uzs.bishkek

 Twitter: @uzsmeriakg

 Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!