Борбордо эпидемиологиялык абал бир аз турукташып калганы менен кооптуу бойдон калууда. Шаардык муниципалитет күчүн топтоп, бизнес-коомчулук, коомдук уюмдар жана жөн гана кайдыгер карабаган шаардыктар менен биргеликте бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, covid-19 жана пневмония илдеттери менен бирге күрөшүп келүүдө.

Борбордун социалдык саясат боюнча Вице-мэри Виктория Мозгачева, Октябрь районунун башчысы Азамат Дороев кыйын учурда кол сунган коомдук уюмдарга жана жеке компанияларга ыраазычылыгын билдиришти. Алардын катарында:

-         Улуттук Кызыл Ай Коому;

-         "Нур телеком" ЖЧК (О! мобилдик оператору);

-         АЮ Холдинги;

-         "Хорека Ассоциация клубу".

Алардын жардамы менен стационарлар ачылып, кыйынчылык учурда  кары-картаңдарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө  жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга гуманитардык жардам көрсөтүштү. Дарыгерлерди жана ыкчам топторду ысык тамак,  уюлдук байланыш, коргонуучу каражаттар жана дары-дармектер  менен камсыз кылууда зор салымын кошушту.

Бишкек шаарынын мэриясы пандемия учурунда шаарды колдоп, кол кабыш кылган ар бир жаранга чын ниеттен ыраазычылык билдирет! Чоң ыракмат!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!