Шаардык мэрия шаардыктардын коопсуздугу үчүн санитардык нормаларды бузгандар менен күрөшүүнү улантууда.

Көбүнчө санитардык нормаларды коомдук тамактануу жайлары, кафе, ресторандар бузуп, массалык иш-чараларды, куран окутууларды өткөрүп жатышат.

Санитардык рейддер акимиаттар, Санитардык-экологиялык инспекциясы жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан өткөрүлүүдө.

Мамсанитэпидкөзөмөл борборунун, райондук ички иштер башкармалыгынын, райондук администрациялардагы экономика жана финансы бөлүмдөрүнүн жана СЭИ инспекторлорунун кызматкерлери ар бир райондогу коомдук тамактануу жайларын кыдырып, текшерип чыгышты.

Биз 40тай жайды текшерип, санитардык эрежелерди бузган  8 жайды аныктадык. «Азия» кафесине, «Улуу-Тоо» чайханасына, «Береке», «Нур Суфра», “Дасмия”, “Ак-Сарай”, “Сый-Ордо”, “Ала-Тоо” ресторандарына КРнын «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 293-беренеси боюнча протокол түзүлдү. Бузуучуларга экинчи категориядагы айып пул – жеке жактарга үч миң сом, юридикалык жактарга он үч миң сом салынды.

Урматтуу ишкерлер, шаардыктар! Сураныч! санитардык эрежелерди сактаңыздар! Вирус бар жана ал коркунучтуу! Колуңуздарды бат-баттан тазалап, аралыкты сактаңыздар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!