Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Бүгүн саат 10:00до мэриянын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын соода аянтчаларын ижарага берүү боюнча электрондук аукцион башталды.

Алгачкы 38 объект электрондук соода аянтчасына (https://etp.okmot.kg/) жайгаштырылган, бул төлөө терминалдары, төлөмдөрдү кабыл алуу пунктары, кичи футбол талаалары жана башкалар үчүн анча чоң эмес аянтчалар.

Биз шаардыктарды, ишкерлерди онлайн режиминде өткөн аукционго катышууга чакырабыз. Сиз мүлктү коррупциялык тобокелчиликсиз толугу менен ижарага ала аласыз.

Эскерте кетсек, жер реформасынын алкагында жер жана муниципалдык жайларды электрондук аукцион аркылуу ижарага берүү тартиби так жөнгө салынган, бул бүт иштерди ачык жана так көрсөтүп, шаардын киреше бөлүгүн көбөйтөт.

Facebook: https://www.facebook.com/umibishkek/

Толук маалымат жана кеңеш үчүн байланыш телефону: 61-49-59, 61-40-79

WhatsApp: 0 772 665 787

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!