Шаардык транспорт башкармалыгынын кызматкерлери Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, патрулдук милициянын жана КРнын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу транспорттук инспекциянын кызматкерлери менен биргеликте күн сайын коомдук транспорттордун санитардык абалын текшерип, айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет.

Чектөөлөр киргизилгенден тартып, 1-июндан 10-сентябрга чейин санитардык текшерүүдөн 3 миң 981 транспорттук каражат өткөрүлүп, 284 протокол түзүлүп, айып пулдун жалпы суммасы 519 миң сомду түздү.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч! Бет кап кийип, колуңуздарды антисептик менен тазалаңыздар. Накталай акча колдонуудан алыс болуңуздар, автобус жана троллейбуста “Тулпар” картасын колдонуңуздар. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Коомдук транспорттун иши боюнча суроолорго жооп берүүгө дайым даярбыз.

Шаардык транспорт башкармалыгы (маршруттар): 0550143637;

Автобусттардын ишин тейлеген Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы: 0553 022 753, 0772 173 743 WhatsApp;

Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700411905;

Тулпар: 582000, почта: feedback@tulpar-card.kg.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!