Калаада шаарды «бирдиктүү тутумга» туташтыруу боюнча иштер улантылууда. Курулуш иштери калаанын курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Уланбек Азыгалиевдин көзөмөлүндө жүргүзүлүп жатат.

Азыркы тапта биз  Менделеев көчөсүндө көпүрө менен  7-апрель көчөсүнүн ортосундагы борбордук канализациянын үстүнөн иштеп жатабыз.

11-сентябрга карата аталган жерде куруу-монтаждоо иштери жыйынтыкталып, диаметри 200 жана 300 мм болгон асбестцементтүү басымы жок 550 погондук метр  түтүк төшөлдү.

Объект толугу менен октябрь айынын башында даяр болот.

Борбордук канализацияга аталган жердеги миңден ашык тургундун үйү кошулат. Курулуш иштерин мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын тапшырыгы менен «АзияСтройГрупп» бөдрөтчү компаниясы жүргүзүп жатат. Долбоордун наркы бир жарым миллион сомду түзүп, шаардык бюджеттен каржыланууда.

Вице-мэр жүрүп жаткан иштердин сапатын өзү текшерип, «Бишкексууканал» башкармалыгына жана «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасына бул көчөгө суу түтүктөрүн өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды. Бир жумадан кийин шаардык кызматтар менен жолугушуу өткөрүлүп, курулуш тууралуу чечим кабыл алынат.

Аталган көчөнүн тургундары шаардык муниципалитетке ыраазылык билдиришти.

Белгилей кетсек, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштер шаар мэри Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен жүргүзүлүп жатат.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!