Шаардык мэрия күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүүдө. Эми жылытуу мезгилин жаңы вице-мэр Алимбек Абдылдаев көзөмөлдөйт.

Даярдык иштери графикке ылайык жүргүзүлүп жатат.

А.Абдылдаев билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка соцмекемелердин даярдыктарына өзгөчө көңүл бурууда.

Вице-мэр оңдоо иштерин графикке ылайык бүтүрүүнү, шаардык финансы башкармалыгына жылытуу мезгилине даярдыктарды көрүү үчүн оңдоо иштерине каралган каражатты бөлүп берүүнү тапшырды.

«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасына социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда турган үй-бүлөлөргө отун таратып берүүнү жыйынтыктоо тапшырмасы берилди.

11-сентябрга карата 600 үй-бүлөдөн 564 үй-бүлө отун алышты.

Ошондой эле, аз камсыздалган үй-бүлөлөргө көмүр сатып алуулары үчүн жөлөк пул берүү улантылууда. Учурда жөлөк пулду 3 миң 464 үй-бүлөдөн 3 миң 395 үй-бүлө алды.

Вице-мэр шаардык кызматтарга шаарда экология жана таза абаны сактоо баарынан жогору экенин билдирди.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!