Урматтуу шаардыктар! Бишкекте эпидемиологиялык абал курчуп жаткандыгына байланыштуу коомдук тамактануу жайларынын ишмердүүлүгүнө көзөмөл күчөтүлөт. Жарандык коргонуу боюнча комиссиясынын башчысы вице-мэр Азиз Алымкулов тиешелүү буйрукка кол койду. 11-сентябрдан тартып райондук акимиаттардын башчылары, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору, Санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук тамактануу жайларынын, кафе, ресторандардын иштерине көзөмөлдү күчөтөт.  Өзгөчө кырдаал учурунда чектөөлөр сакталбаган фактылар аныкталса, КРнын «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 150 жана 293 беренелери боюнча эки жолу айып пул салынган фактылар болсо, материалдар Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгына жөнөтүлөт. КРнын «Жоруктар жөнүндө» кодексинин 127-1 беренеси жана КРнын «Кылмыш жаза» кодексинин 280 беренеси боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.

Башкача айтканда, биринчи бузууда- айып пул жана эскертүү, ал эми экинчи жолу бузууда айып пул жана кылмыш иши козголот.

Бул чаралар менчиктин түрүнө карабастан атайын буйрук чыкканга чейин, башкача айтканда калаадагы эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин күчүндө болот.

Урматтуу шаардыктар! Сиздерден масаалык иш-чараларды, куран окутууларды өткөрбөөңүздөрдү суранабыз! Адам өмүрүн тобокелге салбаңыздар!

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!