"Бишкексвет" муниципалдык ишканасы Биринчи Май районундагы тышкы жарыктандыруу тармактарын модернизациялоону улантууда.

Бүгүн адистер Шаумян, Нарвская, Кеминская, Республикалык, Бобулов, Мичурин, Турусбеков көчөсүнөн  Атбашы көчөсүнө чейин, Павлова көч. Рыскулов көчөсүнөн түндүккө карай, Коенкозов көч. Ташкент көчөсүнөн, ошондой эле Кекол, Оттук, Интернационал,Биринчи май чолок көчөлөрүндө жана Шевченко көч. Күрөңкеевден Жибек-Жолу проспектисине чейин тышкы жарыктандырууну жүргүзүштү . Эми Биринчи Май районунун көчөлөрү105 светодиоддук чырак менен жарыктандырылып, 3420 метр аба электр чубалгылары тартылды.

Андан тышкары, №19 мектептин аймагында 9 светодиоддук чырактар жана кронштейндер орнотулуп,  280 метр электр зымдары тартылды.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздин көчөдө караңгы болуп калса, сиздер үчүн дайыма ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле 0777 902-115 WhatsApp номуру аркылуу, жазуу түрүндө кайрылсаныздар болот.

"Бишкексвет" МИ соцтармактарда дагы бар:

Facebook: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312

Instagram: @mp_bishkeksvet

Twitter: @Bishkeksvet

Жазыңыздар, чалыңыздар! Биз ар дайым байланыштабыз! Өтүнөбүз, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү жарык шаарыбыз!