Пандемия учуруна «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы» муниципалдык ишканасынын айдоочулары укук коргоо органдары, дарыгерлер жана эпидемиологдор, куткаруучулар жана аскер кызматкерлери менен биргеликте элибизге кызмат көрсөтүштү. Биз шаардык милициянын жеке курамын, дарыгерлерди жана «Манас» аэропортунан чет өлкөлөрдөн келген мекендештерибизди транспорт менен камсыздадык.

Кыйын кырдаалда эч нерсеге карабастан жардам көрсөткөн №2, №3 автоколоннанын 44 айдоочусуна ыраазычылык билдиребиз.

Бишкек шаарынын мэриясы пандемия учурунда колдоо жана жардам көрсөткөн ар бириңиздерге чын дилден ыраазычылык билдирет! Сиздерге чоң ыракмат! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!