Урматтуу шаардыктар! Биз көптөн күткөн жакшы кабар! Акыркы суткада Бишкек шаары боюнча COVID-19дун бир дагы тастыкталган учуру катталган жок.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 14-сентябрга карата борбор калаада 8 гана пневмония оорусу аныкталды, коронавирустук инфекциянын 7 миң 545 учуру жана пневмониянын 10 миң 267 учуру катталып, жалпы 17 миң 812ди түздү.                                                                                                    

Турукташуу тенденциясы байкалууда, кечээ, 13-сентябрда, COVID-19дун 3 учуру жана пневмониянын 8 учуру аныкталды.

14-сентябрга мобилдик бригадалар 38 миң 951 ПЦР-изилдөөгө анализ алышты, 37 миң 65 чакырууга барышып, 559 адам ооруканага жаткырылган.

Урматтуу шаардыктар! Биз сиздерден санитардык ченемдерди сактоону өтүнөбүз. Вирус шаарда  жана кооптуу. Суранабыз! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды сактаңыздар! Беткап кийип, гигиена жана аралыкты сактаңыздар. Жоопкерчилик  гана шаарды жана шаардыктарды пандемиянын туткунунан чыгарууга жардам берет.                  

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!