Дүйшөмбү – калаа башчысы Азиз Суракматовдун вице-мэрлер, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана шаардык кызматтардын жетекчилери менен пландык жыйын өткөрүлө турган күн.

Кезектеги пландык жыйында бул жылы 8 айдын ичинде  шаардык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана төртүнчү кварталга карата план, ошондой эле шаардык кызматтарды санариптештирүү маселелери каралды.

Шаардык финансы башкармалыгынын башчысы Үмүтжан Аманбаев 8 айда 5 миллиард 139,3 миллион сом  киреше түшкөндүгүн, бул 85,4% (6 ммлрд.17,5 млн.сом) түзөрүн белгиледи. Кирешелердин негизги бөлүгүн салыктык кирешелер түзүп, 4 млрд. 209,3 млн. сом түшкөн, бюджетке 587 миллион сом түшпөй калган. Свердлов районунун салык кызматы планды аз аткарып, ал  75% түздү.

Тилекке каршы, кирешенин төмөндөшү КОВИД-19 пандемиясына жана калаадагы экономикалык ишмердүүлүктүн убактылуу токтотулушуна байланыштуу болгон.

Мэр А.Суракматов шаардык финансы башкармалыгына, салык кызматтарына, райондук акимиаттарга кырдаалды анализдөө жана салык чогултуу боюнча терс тенденциянын түшүшүн жоюу тапшырылды.

1-сентябрга карата  салыктык эмес кирешелерден 679,4 млн. сом планынан   388,3млн.сом түшкөн, анын ичинен Жер ресурстар башкармалыгы тарабынан – 229,4млн.сом, Муниципалдык мүлк башкармалыгы тарабынан – 38 млн.сом.

Шаар башчысы ижарачылардан, айрыкча карызы барлардан муниципалдык жер тилкелерин пайдалануудагы ижара салыгын чогултуу боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды.

Биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев  шаардык бюджеттин киреше бөлүгүндө эч кандай түзөтүүлөр болбой тургандыгын эскертти. Планды аткарыш керек.

А.Суракматов шаардык кызматтарды санариптештирүү ишинин жүрүшүнө нааразы. Калаа башчысы шаардыктардын шаар кызматтары менен кызматташуусу дагы деле кыйын, бирдиктүү санарип продукт жок экендигин белгиледи. Ошондой эле, шаардык чарба департаментинин башчысы Нурлан Касымовго иштен кетүү сунушталды.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!