Быйылкы окуу жылында мектепке биринчи класстар гана барышты, калгандары аралыктан билим алып жатышат. Тилекке каршы, айрым өспүрүмдөр абалдан пайдаланып, онлайн сабактарга катышпай, базарларда, унаа жуучу жайларда, коомдук тамактануу жайларында жана башка жерлерди иштеп жатышат.

Буга байланыштуу шаардык мэрия калаанын көчөлөрүн кыдырып, кайыр сураган, иштеген, зомбулукка дуушар болгон балдарды таап, алар мене ниш алып барууда.

Бул жолу Биринчи май районунун акимиаты ИИБнын  жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмү жана Бишкек шаарынын ИИБнын коомдук коопсуздук кызматы менен биргеликте рейд өткөрдү.

Батыш автобекетке жакын унаа жуучу жайлардын биринде №100 лицейинин окуучусу иштеп жаткандыгы аныкталды. Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери өспүрүм менен унаа жуучу жайдын администрациясына түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Балдарды коргоо боюнча рейддер дагы улантыла берет.

Урматтуу ата-энелер! КРнын мыйзамдарына ылайык, сиздер баланын тарбиясына, аны багууга жана  коопсуздугуна жооп бересиздер. Балдарды иштетүүгө тыюу салынат.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздер зомбулукка кабылган, кайыр сураган балдарды көрсөңүздөр, дароо 102 милицияга жана райондордун үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнө чалыңыздар:

Октябрь району: 510375, 0772637987 Назгуль Солтонбаева;

Ленин району:  883899,0502021404 Нуриза Сталбекова;

Свердлов району: 530576, 0706821676 Тамара Акжолтоева;

Биринчи май району: 670386, 0553 225 905 Айбек Бекетаев;

Кыргыз РеспубликасынынЭмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин түз байланышы:111.

Сураныч, өзүңүздөргө, балдарыңыздарга жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!