Шаар өз ишин улантууда. Биринчи май районунун акими Алибек Биримкулов райондук кызматтар жана МАБдардын кызматкерлери менен биргеликте кезектеги пландык жыйынын өткөрдү.

Жыйында районду көрктөндүрүү боюнча чарба маселелери жана жаңы конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүү каралды.

КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жумушсуздарды каттоо боюнча райондук бөлүмүнүн  2020-жылы 8 айдын ичинде аткарган иштеринин маалыматы берилди.

Маалыматка ылайык, бул жылы жумушсуздук боюнча 2 миң 439 адам кайрылган, анын ичинен  984 адам каттоодо турат, 1 миң 455 адамга консультация берилди.

Кесиптик окууларга 231 адам жиберилди, анын ичинен 103 адам кесиптик лицейлерде жана 128 адам жеке окуу борборлорунда билим алып жатышат.

Урматтуу шаардыктар! Бардык көйгөйлөрдү мэриянын колл-борборуна 1840 жана 1850 номерлери аркылуу калтырсаңыздар болот, ал эми көйгөйлөрдү сүрөттөрү менен 0554 182185 номерине жибериңиздер.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!