Шаардык кызматтар жаңы сейил бактарды жана гүл бакчаларды куруу иштерин улантууда. Калаа башчысы Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен шаардагы сейил бактарды, жашыл аймактарды көбөйтүүнү улантып жатабыз.

Азыркы тапта биз шаардын түштүк бөлүгүндө эки парктын жана түндүк бөлүгүндө бир парктын курулушунун үстүндө иш алып баруудабыз. Ошондой эле, Азербайджан өкмөтү тарабынан «Достук» паркы курулуп жатат. Жакында биз «Адинай» жана «Түлөбердиев» атындагы сейил бактарынын курулуш иштерин бүтүрүп, шаар тургундарына бердик жана М.Горький атындагы гүл бакчаны реконструкциялоону жыйынтыктадык.




«Балалык» сейил багы

Балдар үчүн жаңы сейил бак Токомбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде, Дайыр Асанов атындагы сейил бактын маңдайында жайгашкан. Анын аянты он гектардан ашык. Сейил бакка фонтандарды, отургучтарды орнотуу,  сейилдөө үчүн жолдорду жана веложолду куруу каралган. 900 көчөт жана бадалдарды отургузуу пландалууда. Гүлдөр отургузула турган аянт 1.700 чарчы метрди түзүп, көк майсан 79.365 чарчы метрге, 8 гектардай жерге себилет.

Фонтандар даярдалып бетондолду, инженердик түйүндөрү толугу менен төшөлдү. Заманбап сугаруу тутуму дагы каралган. Сейил бактын ичин жарыктандыруу үчүн 186 заманбап чырактарды орнотууга даярдыктар көрүлүп, 3700 метр электр түйүндөрү тартылды. Сейилдөө үчүн жолдорго таман таштар төшөлүүдө.

Курулуштун наркы 74,7 миллион сом. Курулуш иштери шаардык бюджеттен жүргүзүлүп, бөдрөтчү «Ак Ниет Курулуш» ЖЧКсы аткарып  жатат.



Кыргызстан жана Азербайджан Достук сейил багы

«Балалык» сейил багынан бир аз өйдөрөөк Азербайджан Республикасынан шаардыктарга белек катары «Достук» сейил багы курулуп жатат.

Сейил бактын аянты 5,5 гектарды түзөт, ичинде фонтандар, декоративдүү бассейндер, ачык амфитеатр жана отургучтар, балдар аянтчасы каралган.

Белгилей кетсек, инженердик түйүндөрүн төшөөгө каражат шаардык бюджеттен каралган, калган курулуш иштери Азербайджан Республикасынан каржыланып жатат.




«Ынтымак» сейил багы

Аянты 8,4 га сейил бактын курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Жашыл аймактын үстүнөн «Бишкекасфальтсервис», «Бишкекжарык», «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканалары иштеп жатат. Долбоор «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасына таандык.

Учурда тротуарларды, спорт аянтчаларын жана унаа токтотуу жайларын куруу үчүн жерди даярдоо  жүргүзүлүп жатат.

Сейил бакта «Ротари Интернешнл» клубунун өзгөчө балдары үчүн инклюзивдүү аянтча каралган, ал жерде кичинекей, өзгөчө шаардыктар үчүн атайын шарттар түзүлөт.




Манас жана Боталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бак

Дагы бир сейил бактын курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Бул сейил бак 7,4 гектарды түзүп, Манас жана Боталиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Азыркы учурда тротуарларга таман таштарды төшөө иштери жүргүзүлүп, ирригациялык түйүндөр орнотулууда. Жалпы жумуштун 80% аткарылды. Тротуарларга, веложол жана чуркоо жолдоруна, ошондой эле балдар жана спорт аянтчаларына  таман таштарды жана асфальт төшөө үчүн жер даярдалды. Кире бериштин курулушу жыйынтыкталып, футбол талаасы жана кийим алмаштыруу бөлмөсү курулуп бүттү. Эки даараткана курулуп, ага тышкы инженердик түйүндөрү төшөлдү.

Жаңы сейил бактын курулуш иштерин мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын тапшырыгы менен бөдрөтчү «Российская строительная компаниясы»  аткарып жатат. Долбоордун наркы – 58 миллион сомду түзүп, шаардык бюджеттен каралган.

Жаңы коомдук жайларды куруу графикке ылайык жүргүзүлүүдө.

Жакында пандемия басаңдай баштайт, биз сиздер менен жаңы сейил бактарда жана гүл бакчаларда сейилдейбиз. Бирок ага чейин өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды жакшы караңыздар! P.S: мэриянын бардык командасы блоггер, архитектор Илья Варламовдун ишмердүүлүгүнө дагы көз жүгүртүп турат. Биз ар бир кызматта өлкөнүн Кереметтүү адамдары жөнүндө  жана биздин кемчиликтер  тууралуу чыгарылыштарды көрүп чыктык. Биз сөзсүз кемчиликтерди жоёбуз! Биз шаарыбызды, шаар тургундарды жакшы көрөбуз!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!