Борбор калаанын социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева билим берүү уюмдарын текшерүүнү улантууда, бул жолу №4 балдар искусство мектебине барды.

Эскерте кетсек, 1-сентябрдан баштап балдардын маданият жана искусство мекемелери санитардык эрежелерди так сактоо менен оффлайн режиминде ишин улантууда.

Вице-мэр мектептин мугалимдер жамааты жана жаш таланттар менен таанышып, ал тургай сольфеджио, фортепиано, гитара, комуз, чопо-чоор жана хореография сабактарына катышты. Балдар болсо көркөм сүрөт сабагынын жүрүшүндө  өз иштерин 3D форматында көрсөтүп, мактанышты.

Вице-мэр карантин учурунда топтолгон тажрыйбаны эске алып, көркөм сүрөт окуу жайларынын санариптик трансформациясынын тездетилишине көңүл бурду.

Мугалимдер вице-мэрге жаңы инновациялык долбоорлорго колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришти.

№4 Балдар искусство мектеби маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү жана эл аралык маданий долбоорлорду жана программаларды жүзөгө ашырууга методикалык колдоо көрсөтүү үчүн базалык балдар билим берүү мекемеси болуп аныкталды.

Бишкек-Балдар үчүн сүйүктүү шаарыбыз!