Бишкекте кереметтүү алтын күз. Шаар өз ишин улантууда. Муниципалдык кызматтар жаңы парктар менен скверлерди, жөө жүргүнчүлөр зоналарын жана веложолдорду куруунун үстүндө иштеп жатышат, бир сөз менен айтканда борборубузду көрктөндүрүүдө.

Шаар жыпар жыттуу  гүлзарларга толуп, азыр алар түстөрдүн жана жашоонун туу чокусунда, алар мурдагыдан дагы укмуштай кооз болуп калышты.

Биздин  "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын эмгекчил  кызматкерлери, кышында эле гүлдөрдүн көчөттөрүн күнөсканаларда  өстүрүп, андан кийин гүлзарларга кылдаттык менен отургузушкан.

Жайдын башында  биз Ч.Валиханов көчөсүнүн боорундагы "Бишкек-2020" түстүү жазууну дээрлик 35 миң гүлдөн даярдасак. Эми эки тарапты колуес, катарантус, сальвия гүлдөрү көрктөндүрүүдө.

Ушундай эле гүлдөрдүн жасалгалары Байтик Баатыр көчөсүнүн боорунда дагы бар.

"Ала-Тоо" борбордук аянтын жаркыраган гүл көпөлөктөр бүгүнкү күнгө чейин көркүн ачууда, аларды "Тазалык" муниципалдык ишканасынын командасы участоктун башчысы Руслан Жаныгулов менен биргеликте кондурушкан. 48 миңге жакын гүл отургузулган, алардын катарында: седум, сальвия, агератум, алиссум (кочкул кызыл жана ак), тагетис (кызыл, сары жана кызгылтсары), бархатцы (сары жана помпон), цинерария, күлгүн петуния, портулак, кочкул кызыл колеус.

Быйыл шаар миллиондон ашык бир жылдык гүлдөрдүн 18 түрү жана сорту менен кооздолгон.

Өзгөчө шаардыктар үчүн гүл иш-чаралары болгон жерлерден фоторепортаж даярдадык. Баарыбыз үчүн сүйүктүү шаар, урматтуу бишкектиктер!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!