Шаар ишин улантууда. Ленин районунун башчысы Чынасыл Чыныбаев көрктөндүрүү маселелери боюнча «Ак-Ордо» конушунун тургундары менен жолукту.

Жолугушууда №3МАБдын №58 кварталындагы үйлөрүнө суу киргизүү, көчөнү жарыктандырууну талкууланды.

Район башчысы Бийиктик жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишиндеги  кудукка чоюн торчо орнотуп берерин билдирди.

Райондук администрациянын кызматкерлерине Коомдук –мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы менен  Какен-Ата көчөсүн суу менен камсыздоо боюнча долбоордук-сметалык документентти иштеп чыгуу тапшырылды.

Эртең райондун акими Ч.Чыныбаев Фучик көчөсүндөгү №18, №18а, №18б, №18в, №18г, №20 үйлөрүнүн айланасын көрктөндүрүү үчүн көргөнү барат.

Урматтуу шаардыктар! Бардык көйгөйлөрдү мэриянын колл-борборуна 1840 жана 1850 номерлери аркылуу калтырсаңыздар болот, ал эми көйгөйлөрдү сүрөттөрү менен 0554 182185 номерине жибериңиздер.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!