Борбор шаарыбыздын Жер ресурстар башкармалыгы (ЖРБ) муниципалдык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн дебитордук карыздарды чогултуу жана шаардын балансына кайтаруу боюнча иш алып барууда.

№10 кичирайонундагы аянты 2 миң 15 чарчы метр жер участогунун  ижарачысы жаран Б.Б., куруучу “Памир строй” курулуш компаниясы  көп убакыттан бери ижара акысын төлөөнү кечеңдетүүдө.

2012-жылы жаранга Б. Бга бул жер участогу ижара шартында убактылуу пайдаланууга көп кабаттуу турак үйдү кеңселери менен куруу үчүн берилген. Үй пайдаланууга берилип, бирок 4 жылдын ичинде муниципалдык жерди пайдалангандыгы үчүн акы төлөнгөн эмес.

Ижарачынын карызы туумдары эске алуу менен 2 миллион 372 миң 916 сомду түзөт.

Шаардын түштүк бөлүгүндө Жукеев-Пудовкин көчөсүндө 138де жайгашкан №12 жана № 21 гараж кооперативдери шаарга ири суммада карыз болушкан.

Азыркы кооператив №12, 2013-жылы аянты 8 миң 610 чарчы метр жер участогу гараждардын курулуштары үчүн ижарага берилген. Ижара келишими 1 жылга түзүлгөн.

Бирок ижарачы 2014-жылдын экинчи кварталынан тарта ижара эсебине төлөгөн эмес, шаарга 1 миллион 800 миң 336 сом карыз болуп калган. Биз гараж кооперативинин төрагасына ижара акы төлөнгөнү жөнүндө бир нече жолу кабарлап, бирок шаардык бюджетке каражат да түшкөн эмес.

ЖРБнын кара тизмесине № 21 гараж кооперативи кирди.

Ижарачы аянты 25 миң 600 чарчы метр муниципалдык участокту пайдалангандыгы үчүн 2014-жылдын экинчи кварталынан тартып ижара акыны төлөгөн эмес.

16-сентябрга ижарачы муниципалитетке 4 миллион 983 миң 919 сом, анын ичинде тууму менен.

ЖРБ карыз ижарачыларга 5 күндүн ичинде карызын төлөө тууралуу кабарлайт.

Карызын төлөбөгөн учурда, ЖРБ комиссиянын жакынкы жыйындарында келишимди бир тараптуу бузуу, карыздарды өндүрүү жана соттук тартипте жер участогун муниципалитеттин балансына кайтаруу маселелерин киргизет.

Урматтуу ижарачы ишкерлер! Муниципалдык жерди пайдаландыгы үчүн ижара акысын өз убагында төлөп туруунуздарды суранабыз.

Бишкек –сүйүктүү укуктуу шаарыбыз!