Урматтуу шаардыктар, велосипед сүйүүчүлөр!  Манас жана Чүй проспектилеринин кесилишиндеги веложолдогу троллейбус түркүгүнүн тоскоолдугу  үчүн кечирим сурайбыз.

Twitter социалдык тармагынын колдонуучусу биз кетирген катачылык тууралуу билдирген. «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери дароо жерине барды.

Бүгүн биз абалды оңдоп, белгилерди кайрадан түшүрдүк. Эми веложол жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер үчүн коопсуз.

Урматтуу шаар тургундары! Бардык көйгөйлөрдү күнү-түнү мэриянын колл-борборуна 1840 жана 1850 номери аркылуу калтырсаңыздар болот, ал эми көйгөйлөрдү сүрөттөрү менен 0554 182185 номерине жибериңиздер. Маанилүү! Ар бир кайрылуу катталып, тиешелүү кызматтарга жиберилет жана сөзсүз түрдө аткарылат.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!