№10 Муниципалдык аймактык башкармалыгына Жукеев-Пудовкин көчөсү, 69/2 үйүнүн короосунан жагымсыз жыт чыгып жаткандыгы боюнча кайрылуу келген.

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери дароо аталган дарекке барып, шаар тургуну тар жерге көп таштанды, абдан көп таштанды  чогулткандыгын аныкташты.

Биз таштандыны толук чыгарып бүтө элекпиз. Бүгүн эле үч унаа таштанды чыгардык, эми дагы төрттөй унаа таштанды чыгарышыбыз керек.

Урматтуу шаар тургундары! Шаарда, үйлөрүңүздөрдүн, мекемеңиздердин тазалыгын сактаңыздар! Эгерде кимдир бирөө тазалыкты сактабай жаткандыгына күбө болсоңуздар, үй, квартал комитеттерине, МАБдарга билдирип коюңуздар. Сиздердин билдирүүңүздөр шаардык кызматтарга тез жетет.

Урматтуу шаар тургундары! Бардык көйгөйлөрдү күнү-түнү мэриянын колл-борборуна 1840 жана 1850 номери аркылуу калтырсаңыздар болот, ал эми көйгөйлөрдү сүрөттөрү менен 0554 182185 номерине жибериңиздер. Маанилүү! Ар бир кайрылуу катталып, тиешелүү кызматтарга жиберилет жана сөзсүз түрдө аткарылат.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!