Шаардын социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ха Тэ Ёк менен жолукту.

Элчи шаардыктарга 500 даана KF94 бет кабын, 20 даана коргонуу костюмун, 20 даана пластикалык коргонуу бет кабын жана 2 кычкылтек концентраторун жардам катары берди.

Вице-мэр Виктория Мозгачева Корея Республикасынын Элчисине пандемия учурунда көрсөткөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

«Сиздер көрсөткөн гуманитардык колдоо  адам өмүрүн сактоого жардам берет деп ишенем»,-деди вице-мэр.

Белгилей кетсек, 4-сентябрда COVID-19 менен күрөшүү максатында Куми боордош шаарынан (Түштүк Корея, Кёнсан-Пукто провинциясы) 20 миң AirQueen KF80 бет кабы, 10 миң стоматологиялык бет кабы жардам катары берилген.

Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасындагы Корея Республикасынын Элчилигине пандемия учурунда көрсөткөн колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!