Урматтуу журналисттер, гезит, теле жана радио компаниялардын жамааты, пресс-кызматтардын кызматкерлери! Борборлор жана ири шаарлар эл аралык ассамблеясы (МАГ) журналисттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү арасында «Шаар ЖМК күзгүсүндө»  IX –сынагын өткөрүп жаткандыгын жарыялайт.

МАГ шаардык администрациялардын имиджин бекемдөө жана шаардын туруктуу  өнүктүрүүдөгү тажрыйбаларын жайылтуу максатында жалпыга маалымдоо каражаттарындагы ишке ашырылган журналисттик долбоорлорду күтөт.

Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өтөт:

«Улуу жеңишке -75 жыл. Эстейбиз жана сыймыктанабыз!» - Улуу Ата Мекендик согуштагы совет элинин жеңишинин 75 жылдыгынын урматына;

«Келечекти бирге курабыз!»-КМШнын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы, шаарларды Евразия мейкиндигине интеграциялоо жөнүндө (КМШнын экономикалык өнүгүү иш борбору менен биргеликте);

«Акылдуу шаар-коопсуз шаар» - жаңы технологиялар, калктын жашоосунун сапатын жакшыртуу жана башкаруу эффективдүүлүгүн жогорулатуу, анын ичинде короновирус менен күрөшүү, калктын финансы сабаттуулугу жана башка шаардык темалар;

«Элдин достугу - жаратуу жана өнүктүрүү философиясы» - шаарларда улуттар аралык ынтымактын жана достуктун атмосферасын түзүү;

«Таланттан жаралган сөздөр жердин чегин билбейт» - казак акыны жана ойчулу Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгына жана С.А. Есениндин 125 жылдыгына карата.

Сынактын жыйынтыгын чыгаруу жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 2021-жылдын январь-февраль айларында Москва шаарында өтөт.

Материалдарды МАГ секретариатына 2020-жылдын 12-декбраны чейин жөнөтүү керек.

«Шаар ЖМК күзгүсүндө»   конкурсуна жазуусу менен e-mail: vmm2004@mail.ru электрондук почтасына жиберүү керек;
почта  дареги: 119 019, Москва ш, Новый Арбат көч., 11,  19-кабат, № 1946 кеңсе;
Сынак тууралуу маалыматты www.e-gorod.ru сайтынан окусаңыздар болот.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!