Биринчи май районунун акими Алибек Биримкулов ардагерлер менен жолукту. Жолугушууга ардагерлер кеңешинин төрагасы Маркил Ибраев, Ленинград блокадачылар коомунун төрагасы Марат Кутанов да келди.

Биз ардагерлерди социалдык жактан колдоо маселесин талкууладык.

Блокадачы Галина Ивановна Тольская майыптар үчүн араба бөлүүнү жана Биринчи май районунун аймагында жашаган Ленинград блокадачыларына материалдык колдоо көрсөтүүнү суранды.

Аким ардагерлердин ден соолугун колдоо үчүн участкалык дарыгерлер бекитилгендигин жана  алар компьютердик томографиянын жардамы менен текшерүүдөн өтө ала тургандыгын белгиледи.

Калаада Улуу Ата Мекендик согуштан майып болгон 13 ардагер, согушка катышкан 42 ардагер, 12 концлагердин туткуну, 10 Ленинград блокадачысы, 240 тылда эмгектенгендер жашайт.

Республикалык бюджеттен ай сайын 7 миң сом өлчөмүндөгү компенсация жана 10 миң сом КРнын президентинин өмүр бою берилчү стипендия алышат.

Шаардык бюджеттен ардагерлерге квартал сайын үч миң сомдон берилет.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!