Мэриянын билим берүү башкармалыгы мамлекеттик тил күнүнө карата сынак өткөрүүдө.

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын 31 жылдыгына карата Билим берүү башкармалгы  2020-жылдын 15-сентябрынан 15-октябрына чейин мамлекеттик тил  бир айлыгын жарыялаган.

2020-жылдын 15-сентябрында окуучулардын (6-11-класстын окуучулары) “Китеп - билим булагы” офлайн-сынагынын райондук туру өткөрүлдү.

Сынакка Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарынын окутуу кыргыз, орус тилинде жүргүзүлгөн мектептеринин 6-11-класстарынын окуучулары катышышты.

Жобого ылайык сынактын биринчи этабы менен (райондук) 6-8-класстын окуучуларынын жыйынтыгы чыгарылат. Экинчи этапка (шаардык) 9-11-класстын окуучуларынын 1-орунду алган окуучусу катыша алат.

 Ар бир класстын окуучуларына дил баян жазуу тапшырмасы берилген:

6-класстар үчүн дилбаяндын темасы: “Башка тилди жандай жакшы көрсөм да, Өз тилимди сүйгөнүмдөн жаңылбайм.” (А.Осмонов), 

7-класстар А.Токомбаевдин “Күүнүн сыры” аңгемеси, 

8-класстар  Ч.Айтматовдун  “Эрте келген турналар” повести,

9-11-класстар Төлөгөн Касымбековдун “Адам болгум келет” повести.

Сынактын шаардык туру 2020-жылдын 18-сентябрында өткөрүлөт.

Тапшырмалар  уюштуруу комитети тарабынан даярдалды. Баш байге жана 1-2-3-орунга ээ болгон жеңүүчүлөр кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланат. Мугалимдер болсо үч күнгө Ысык-Көлгө эс алууга барышат.