«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы Ленин районунун тышкы жарыктандыруусун модернизациялоону улантууда.

Фрунзе көчөсүндө, Бакаев көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн түштүктү карай, Амосов жана Барнаульский чолок көчөлөрүндө тышкы жарыктандыруу иштери жүргүзүлдү. Аталган көчөлөргө 95 светодиоддук чырак, кронштейн орнотулуп, 2 миң 590 метр аба электр чубалгылары тартылды.

«Арча-Бешик» жаңы конушунун Кара-Кужур, Ак-Куу, Эркин-Тоо, Көк-Дөбө, 15-чи көчөлөрү жарыктандырылып, 1 миң 800 метр аба электр чубалгылары тартылып, 73 чырак жана кронштейн орнотулду.

Мындан тышкары, биз Манас проспектиси Жибек-Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин, Жибек –Жолу проспектиси Манас проспектисинен Үмөталиев көчөсүнө чейин 3 миң 150 метр зым (СИП) алмаштырдык.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздин көчөдө караңгы болуп калса, сиздер үчүн дайыма ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле 0777 902-115 WhatsApp номуру аркылуу, жазуу түрүндө кайрылсаныздар болот.

"Бишкексвет" МИ соцтармактарда дагы бар:

Facebook: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312

Instagram: @mp_bishkeksvet

Twitter: @Bishkeksvet

Жазыңыздар, чалыңыздар! Биз ар дайым байланыштабыз! Өтүнөбүз, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү жарык шаарыбыз!


\