Шаардык бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоо үчүн Ленин акимиаты райондук салык кызматы менен биргеликте транспорттук каражаттарга текшерүү жүргүздү. Текшерүүдө транспортторго салык төлөөдөн баш тарткан айдоочуларды жана тиешелүү уруксат документтери жок ишкердик кылган ишкерлерди аныктадык.

1-сентябрга карата шаардык бюджетке кыймылдуу мүлк салыгы боюнча 142,9 миллион сом түшкөн, план боюнча 256,7 миллион сом, башкача айтканда, 113,9 миллион сом кем түшкөн.

Бул сыяктуу рейддер дагы улантылат.

Урматтуу унаа ээлери! Транспорттук салыкты төлөө мөөнөтү 2020-жылдын 1-сентябрында аяктагандыгын эсиңиздерге салабыз, андыктан салыктарды мүмкүн болушунча эртерээк төлөөнү өтүнөбүз.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!