Орто-Сай базарынын айланасында соода-базар комплекстеринде өрт коопсуздугун сактоо боюнча атайын машыгуулар өткөрүлүүдө.

Машыгуулар ӨКМнын райондук башкармалыгынын, РИИБнын, Бишкек шаары боюнча мамэкотехинспекциясынын жана акимиаттын экономика жана финансы бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусунда өтүүдө.

Өрт тактикалык машыгууларды өткөрүү учурунда атайын техникалардын кирүү жолдору, эвакуациялык жолдору, өрт гидранттарынын техникалык абалы, өрт сигнализациясы жана өрт өчүрүү каражаттары, өрт жана башка өзгөчө кырдаалдарда үн жана жарык эскертүү сигналдарын берүүчү жана башка каражаттардын техникалык абалы текшерилди.

Текшерүү учурунда бузуулар аныкталып, базардын администрациясына бузууларды жоюу тапшырмасы берилди.

Бишкек-сүйүктүү коопсуз шаарыбыз!